Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эң көп Садыр Жапаров топтоду. Президенттикке талапкерлердин 20сы гана БШКга керектүү сандагы кол тамгаларын тапшырышты

Шайлоо комиссиясы кол тамгалардын тизмесин 8 күн бою текшерет

Шайлоо өнөктүгүнүн кезектеги этабы – Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү мезгили аяктады. 2020-жылдын 3-декабрында саат 23:59га карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкү 21 талапкерден кол коюу барактары түштү:

1. Б. Тольбаев – 58029 колтамга;

2. С. Жапаров – 59998 колтамга;

3. А. Касенов – 46270 колтамга;

4. А. Абдылдаев – 47998 колтамга;

5. Р. Жеенбеков – 39874 колтамга;

6. К. Асанов – 43864 колтамга;

7. Э. Абакиров – 43630 колтамга;

8. А. Мадумаров - 39 856колтамга;

9. А. Сегизбаев- 55 480колтамга;

10. К. Чороев – 39 053 колтамга;

11. Ж. Байгуттиев - 51 896 колтамга;

12. М. Арстанбек – 33 083 колтамга;

13. К. Сооронкулова – 33 458 колтамга;

14. Р. Тагаев – 40 651 колтамга;

15. Б. Калмаматов – 35 300 колтамга;

16.К. Иманалиев – 35 658 колтамга;

17. И. Ташов – 39 493 колтамга;

18. К. Токтосунов – 30 106 колтамга;

19. У. Кочкоров – 43 804 колтамга;

20. К. Исаев –38 987 колтамга.

КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу кол коюу барактарын кабыл алуунун жүрүшүндө КР Президентинин кызмат ордуна талапкер С. Ибраевде 15 033 колтамга бар экендигин аныктады. Ушуга байланыштуу кол коюу барактары бул талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кайтарып берди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 2-пунктунун, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес.

КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген колтамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө” Нускаманын 54-пунктуна ылайык текшерүү үчүн зарыл болгон 30 миң ишенимдүү колдорду аныктаганга чейин текшерүү үчүн тандалып алынган кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын бардык колтамгалары текшерилүүгө тийиш.

Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет.

БШК маалымат бөлүмү

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх