Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев кызматынан кетти
Анын ордуна Азамат Сагындык уулу дайындалган
Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 46-беренесине ылайык, Уланбек Азыгалиев берилген арызга ылайык борбор калаанын вице-мэри кызматынан бошотулду.
Буга чейин Жер ресурстары департаментин (UZR) жетектеп келген Азамат Сагындык уулу Бишкек шаарынын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри болуп дайындалды.
Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлүбаев кол койду.
Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз