Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мэриясына шаардыктар чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди (сүрөт)

Коомдук бирикмелердин башчылары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жигердүү колдогондугу жана социалдык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылык каттарын алышты

 

Бүгүн борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева Майыптардын эл аралык күнүнө карата, өзгөчө шаардыктарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн борбор калаанын коомдук бирикмелеринин жетекчилерине ыраазычылык билдирди.

Коомдук турмушка активдүү катышкандыгы жана борбордун социалдык маанилүү долбоорлорун ишке ашыргандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары менен төмөнкүлөр сыйланышты:
• Бекбоев Саламат Карганбекович - "ИКАР ЛТД" Майыптар жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси;
• Джабраилова Ольга Николаевна - Оберег реабилитациялык борборунун башчысы;
• Жаркынбаева Гүлзана Адылбековна - "Биз барбыз- биз биргебиз" коомдук фондунун жетекчиси;
• Жумабаева Нурхан Сатволдьевна - "Диабетсиз балалык" коомунун жетекчиси;
• Жумабекова Турдубу Канаевна - "АРДИ" ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери коомунун жетекчиси;
• Ибраева Унсум Асамудиновна - "Жаш майыптардын кыймылы" коомунун жетекчиси;
• Мураталиева Үкей Калмуратовна - "Назик-Кыз" ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын уюмунун төрайымы;
• Мусаева Асипа Мусаевна - "Республикалык көз карандысыз майып аялдар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин президенти;
• Садыкова Жылдыз Сейитбековна - "Рука в руке" аутизм менен ооруган балдардын ата-энелеринин уюмунун жетекчиси;
• Ташбаев Марат Абдыкалыевич - "Кыргыз Азиздер жана Дүлөйлөр Коому" уюмунун жетекчиси.

Бишкек шаарынын мэриясы ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө салым кошкон ар бир жаранга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх