Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРсы Дүйнөлүк Банктын жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен 21 000 ПЧР-тестин алды

Учурда министрлик күнүнө 1500-4000 ПЧР анализин өткөрөт

Бүгүн, 2020-жылдын 7-декабрында COVID-19ду аныктоочу 21 000 полимераздык чынжыр реакциясынын (ПЧР) тестин, ошондой эле бул тесттерди өткөрүү үчүн кошумча лабораториялык шаймандар Дүйнөлүк Банктын жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен КР Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул ПЧР-тесттерди жана кошумча лабораториялык шаймандарды Саламаттык сактоо министрлиги пандемияга каршы туруу боюнча азыркы ишин улантуу үчүн пайдаланмакчы. Ушул тушта министрлик күн сайын 1 500дөн 4 миңге чейин ПЧР-тест алып жатат.

291 383 долларга алынган бул материалдар Дүйнөлүк Банктын атайын фонду – Пандемия маалында чукул чараларды каржылоо механизминин (PEF) камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен каржыланды. Бул фонд 2016-жылы түзүлгөн. Фонд тийиштүү өлкөлөр трансчекаралык оорулар ири масштабда жайылуу коркунучуна туш болгондо, аларды кошумча каржылоо булагы менен камсыз кылуу максатын көздөйт. Копенгагенде дүйнөдөгү ири гуманитардык кампа жайгашкан. ЮНИСЕФ КР Саламаттык сактоо министрлигинен түшкөн өтүнмөнүн негизинде тесттерди Копенгагендеги өзүнүн жабдуу жана сатып алуу боюнча глобалдык борборунан сатып алды.

Мындан тышкары буга чейин ушул эле долбоордун алкагында Дүйнөлүк Банктын жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Саламаттык сактоо министрлигине 58 миң түгөй бахила жана 58 миң түгөй колкап жеткирилип берилди.

Дүйнөлүк Банк ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 боюнча эки долбоордун алкагында колдоо көрсөтүп келатат. Бул долбоорлор ооруканалар жана медициналык мекемелер, лабораториялар жана чек ара бекеттери үчүн негизги медициналык ресурстарды, жабдууларды жана дары-дармек каражаттарын каржылоону камсыз кылат.

ЮНИСЕФ COVID-19 коронавирус пандемиясы менен күрөштө мындан ары да КР Өкмөтүнө колдоосун уланта берет. Бул үчүн илдет менен күрөштө алдыңкы катарда иштеп жаткандарга зарыл болгон жабдуу предметтерин берип турат. Ошондой эле ар бир бала жашоосун улантып, өсүп-өнүгүүсү үчүн жалпы социалдык-экономикалык чараларга да колдоо көрсөтө бермекчи.

Пандемия маалында чукул чараларды каржылоо механизми (PEF) тууралуу маалымат

2014-жылы Батыш Африкада Эбола тумоосунун жайылышынан улам башталган кризис бир нерсени даана көрсөтү: пандемиянын жайылуусун кармап туруу үчүн эл аралык жамаатка финансы каражаттарын ыкчам мобилдештирүү өтө оор болот экен. Бул маселени чечүү максатында 2016-жылы Дүйнөлүк Банктын базасында Пандемия маалында чукул чараларды каржылоо механизми (PEF) түзүлгөн. Механизм дүйнөдөгү жакыр өлкөлөр трансчекаралык оорулар ири масштабда жайылуу коркунучуна туш болгондо, аларды кошумча каржылоо булагы менен камсыз кылуу максатында жардам берет. PEF Механизмин каржылоо үчүн Австрия, Германия, Жапония жана ЭӨА (Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы) берген финансы каражаттары колдонулат. Өзүнүн катышуучу-өлкөлөр үчүн камсыздандыруу жабуусу 2017-жылы ишке кирген. Дүйнөлүк Банк бул камсыздандырууну “катастрофалык” облигацияларды чыгарып, аларды капитал базарында инвесторлорго сатуу менен каржылаган. Ошондой эле камсыздандыруу компаниялары менен камсыздандыруу свобу менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырган.

КР Саламаттыктыты сактоо министрлиги

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх