Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Текебаев: Бир күнү кечинде Жапаров менен Ташиев менин үйүмө келип, колдоо сурашты

Саясатчы конокторго алардын "дежур аксакалы" болгум келбейт деп жооп берди

Экс-парламент депутаты Өмүрбек Текебаев "Жалбырак" телеканалына берген маегинде Садыр Жапаровду эмне үчүн колдобогондугун түшүндүрдү. Ошондой эле ал соттон коркпойм жана өлкөдөн качып кетпейм деп ишендирди.

« Садыр Жапаров менен 5 жолу жолуктук. Бешөөндө тең жалгыз жолуккан жокпуз, жаныбызда адамдар болду. Бир күнү түн жарымда үйгө келип кетишкени да чын. Анда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев экөө мени сыйлаганын, кеп-кеңешим алар үчүн маанилүү экенин айтып, колдон келсе демилгелерибизди колдоп туруңуз деп өтүнүштү. Мен айттым, “биринчиден, мени сыйлап, пикиримди угуп, кеп-кеңешимди сурап койгонуңарга ыраазымын. Башыбыздан көп нерселер өттү, баарыбыз түрмөнү да көрүп чыктык, үй-бүлөлөрүбүз дагы бирдей кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүштү. Биз бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Аксакал деп алдымдан өткөнүңөргө кубанып, бул урматыңарды кантип кайтарсам экен деп жетине албай турам. Силерди колдоп келатам. Бирок, мен бир учурда силерди колдой албайм. Эгерде, бийликке кызыгып, жеке бийлигиңерди бекемдейм десеңер, авторитардык жетекчилердин системасын алып келебиз десеңер, башкача айтканда, Конституцияга ошондой өзгөртүүлөрдү киргизебиз десеңер мен ачык каршы чыгам”,- деп ар бир жолугушууда эки жолудан кайталап айттым. Ошондуктан, менин Садыр Жапаровдун демилгеси менен чыгып жаткан Конституцияны сындагандыгым, бул өз сөзүмдөн айнып кеткендигим эмес, тескерисинче өз сөзүмдө бекем тургандыгым. Мен деле аксакал болуп, жөн эле жашайын деген оюм бар эле. Үй-бүлөм да колдойт. Бирок, мени “аксакал болуп бер” деп иш жүзүндө “дежур чалга” айландыргылары бар. Мен эч убакта “дежур чалга” айланбайм. Мен демократиянын – эл бийлигинин солдатымын. Өмүр бою солдат болуп, өз постумду таштабайм. », - деди Текебаев.

Алып баруучу саясатчы соттор угуп жаткан Садыр Жапаровдун күчтүү таасири жөнүндө айтканын эске салды. Ал Текебаев эмне үчүн Жапаровго жооп бербей койду деп сурады. Ал кайрадан темир тор артында калуудан коркобу?

"Мен коркпойм. Мен качпайм. Мен кечирим сурабайм. Эгер сот бизди дагы бир жолу айыптаса, анда ал бизге эмес, Садыр Жапаровго чыгарылган өкүм болот. Себеби чындык биз тарапта », - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх