Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Бизди сындап, идеяларыңызды сунуштаңыз." Тилек Токтогазиев дыйкандарды кесиптик майрамы менен куттуктады

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жетишкендиктери Айыл чарба министрлигинде белгиленди

Өткөн жума күнү, 4-декабрда, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Сыйлык тапшыруу аземи кесиптик майрамга - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө жана Мамлекеттик айыл чарба кызматынын түзүлгөндүгүнүн 92 жылдыгына карата уюштурулган.

 

Айыл чарба министрлигинин башчысы Тилек Токтогазиев залга чогулган айыл чарба ишканаларынын кызматкерлерин куттуктады:

«Бүгүн, биз сиздерди, республиканын айыл чарбасын жигердүү өнүктүрүп жана алдыга жылдырып жаткан түздөн-түз катышуучуларды, чоң сыймыктануу жана ыраазычылык менен куттуктап, Сиздин олуттуу салымыңызды белгилегибиз келет. Биз сизди министрлик менен жигердүү кызматташууга чакырабыз - башыңыздан кечирген кыйынчылыктар жөнүндө айтып, бизди сындап, идеяларыңызды сунуштаңыз. Биз сиздер үчүн ар дайым ачыкпыз жана жеткиликтүү », - деди Токтогазиев.

 

Катышуучулар өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн жана жигердүү кызматташууга даяр экендигин белгилешти.

«Мен бул тармакта 20 жылдан бери иштеп келе жатам жана министрлик бизге биринчи жолу ушундай көңүл буруп жатат. Бул абдан жагымдуу, жаңы толкунду, кластерлер түрүндөгү жаңы долбоорлорду баштаганыңыз үчүн чоң рахмат. Бул жөнүндө бардыгыбыз эле укканбыз, бирок чындыгында көрө элекпиз. Ошондуктан, бул демилгелерди бардыгыбыз колдойбуз. Биз республиканын айыл чарбасын өркүндөтсө болот жана ал гүлдөп өсөт деп ишенебиз ”, - деди "Ак-Куу" бакма канаттуулар фабрикасынын директору Нургүл Малабаева.

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ишкерлер министрликтин Ардак грамоталары жана төш белгилери менен сыйланышты.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх