Бишкек шаарынын мэринин жаңы кеңешчиси: Мага акыркы окуяларга катышуучу болгондуктан, мындай кадрлар керек деп айтышты
"Чоң Казат" партиясынын мүчөсү ага кызматты Балбак Түлөбаев өзү сунуш кылгандыгын белгиледи
"Чоң Казат" партиясынын мүчөсү Асхат Осмонов Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп дайындалды. Vesti.kg менен болгон маегинде ал жумушка орношуусу жөнүндө комментарий берди.
- Балбак Зарлыкович өзү мага телефон чалды, - деди Осмонов. - Мен социалдык маселелерди талкуулоого активдүү катыштым, көптөн бери мэрия менен иштештим. Айрыкча, пандемия учурунда. Мени команда менен тааныштырышты. Кесиптештерим дагы мени, айрыкча Нариман Түлеев менен болгон окуядан кийин билишти. Мага мындай кадрлар керек деп айтышты, анткени мен акыркы окуялардын катышуучусумун.
Медина Купсулдаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз