Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мэринин м.а: Акимдер жарандар менен жакшы иштешпейт

Учурда райондордун башчылары менен жеке кабыл алууда жарандардан түшкөн даттануулар боюнча жалпы статистика жүргүзүлүүдө

Шаардыктардын арыздары боюнча төрт райондун акимдеринин иштеринин эффективдүүлүгү бааланары шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен өткөрүлгөн пландык жыйында маалым болду.

Азыркы учурда жеке кабыл алуу учурунда, социалдык тармактарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына келип түшкөн шаар тургундарынын арыздарынын жалпы статистикасы жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча ар бир райондук администрациянын жетекчилеринин иштери бааланып, андан кийин тиешелүү чаралар көрүлөт.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев акимдерге күн сайын жеке кабыл алууларды өткөрүүнү жана шаар тургундары менен дайыма байланышта болууну тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Сиздер акимдердин жеке кабыл алууларына жазылып, үйлөрүңүздөрдүн, көчөлөрүңүздөрдүн жана кварталдарыңыздын көйгөйлөрү боюнча арыздарды калтырсаңыздар болот.

Октябрь району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Байтик-Баатыр көч., 17 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), тел: 57-63-80, Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Биринчи май району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Жибек-Жолу көч, 348 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), телефон: 32-51-60, 62-46-35, Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Свердлов району, (0312) 36-01-93, Чүй проспектиси 28, иш күндөрү саат 8: 30дан 17: 30га чейин, 418 кабинет, Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Ленин району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Чүй пр., 315 (фойенин сол тарабында, Ленин акимиатынын биринчи кабаты), тел: 65-69-05, Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Урматтуу бишкектиктер! Санитардык эрежелерди сактооңуздарды, бет кап кийип, колуңуздарды антисептиктер менен тазалап жүрүүңүздөрдү жана аралыкты сактооңуздарды өтүнөбүз!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх