Эльвира Сурабалдиева Бишкекте 5-6-октябрь окуяларында жабыркагандар менен жолугушту
Вице-премьер-министр ар бир жабырлануучуга алардын ден-соолугун көзөмөлдөп, жардам көрсөтө турган белгилүү бир медициналык мекемени бөлүп берүүнү убада кылды
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Бишкекте 5-6-октябрдагы окуяларда жабыркаган жарандар менен жолугушүу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө жабыркаган жарандар ден-соолугу, мындан ары дарылануу жана реабилитациядан өтүүсү боюнча маселелери жана социалдык-экономикалык мүнөздөгү көйгөйлөрү тууралуу билдиришти. Алар тарабынан медициналык мекемеде дарылануусу жана социалдык мүнөздөгү бир катар маселелерди чечүү боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Вице-премьер-министр билдиргендей, көрсөтүлгөн маселелер боюнча аларды мындан ары иштеп чыгуу жана чечүү боюнча тапшырмалар берилет.
«Ар бир жабыркаган адамга ден-соолугун көзөмөлдөп, медициналык жардам көрсөтө турган медициналык мекемелерди бекитип беребиз. Өкмөт өз кезегинде бардык маселелерди көзөмөлдөп турат», - деди Эльвира Сурабалдиева.
КР Өкмөтүнөн басма сөз кызматы
фото www