Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Бекешев: АКШ Матраимовду "Магнитскийдин" тизмесине киргизген аны бизде көкөлөтүп отурат

"Аны колдогондордун бардыгы азыр бизнес менен алектенишет - эч кандай люстрацияга алдырышкан жок"

 

АКШ 9-декабрда «Магнитский тизмесине» киргизген Райымбек Матраимовду Кыргызстанда парламент, бийлик мактап отурат. Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев 10-декабрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө ушундай пикирин билдирди:

«9-декабрда эл аралык коомчулук Коррупцияга каршы күрөш күнүн белгиледи. Ошол күнү АКШ өкмөтү кыргызстандын жараны Райымбек Матраимовду «Магнитский тизмесине» киргизди. Бул тизмеге кирген адамдар менен кызматташууга тыюу салынат. Биздин парламентте аны тескерисинче колдоп, «элге кызмат кылган үй-бүлө» деп мактап отурушкан. Күч кызматтары да ага иштеген. Аны мактап, аны менен байланышкан бардык адамдар эч кандай жоопкерчилик тарткан жок, кандай болсо ошондой эле жыргап жүрүшөт».

Дастан Бекешев Райымбек Матраимовду «2 млрд. сом төлөп берет» деген кыргыз бийлигинин келишиминин «коррупциялык келишим» деп атады.

- Эмне үчүн Кыргызстанда ийгиликтүү адамдарга колдоо көрсөтүлбөйт? - ал сурады. - Акылдуу иштеп тапкандар, мектептер, көптөгөн жумуш орундарын камсыз кылган IT компаниялар ачылабы? Себеби бизде саясий элита жок. Бизде саясатта өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн адамдар бар.

Эскерте кетсек, анын алдында АКШнын Каржы министрлиги МБКтин экс-орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизгени белгилүү болгон. Мурунку бажы кызматкери Магнитскийдин тизмесине киргизилген.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх