Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын мурунку башчысы: Садыр Жапаров мен жөнүндө кандай ойдо болсо, бетиме айтсын

Абдил Сегизбаев чүчү кулак тууралуу комментарий берди, анын жыйынтыгы боюнча ал теле дебаттарда Садыр Жапаров менен тил табыша албай калат

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев атаандашы, мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен дебатка чыгууга дагы бир жолу даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу Сегизбаев өзү Vesti.kgнин кабарчысынын БШКнын чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча түшүндүрмө берүү өтүнүчүнө жооп катары билдирди.

"Бул кандайча болгонун билбейм" деп жооп берди Сегизбаев. - Мен БШКнын чүчү кулактын жыйынтыгына кийлигишкен жокмун. Мен бул жөнүндө эч нерсе айта албайм. Бирок мен алдын ала Садыр Жапаров менен дебатка даяр экенимди айттым. Ал мен жөнүндө билгендеринин бардыгын менин бетиме айтып берсин, мен ал жөнүндө билгендеримдин бардыгын айтып берем. Эмне үчүн коркуш керек? Менин сунушум жарактуу бойдон калууда.

Эске салсак, БШКнын алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ортосунда акысыз эфирдик убакытты жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрүлдү. Кийин белгилүү болгондой, Сегизбаев Жапаров менен дебатка чыкпай калды.

2020-жылдын декабрь айынын башында Сегизбаев “Азаттык” радиосунун түз эфиринде өзүнүн эң күчтүү атаандашы Садыр Жапаровду дебатка чакырды.

Медина Купсулдаева
Элдос Казыбеков
Сүрөт Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх