Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Артем Новиков: Эттин баасын бир кыйла төмөндөтүү мүмкүн эмес. Белгиленген чектөөлөрдү айланып өтүү механизми бар

Премьер-министрдин м.а азык-түлүккө болгон баа дагы жогорулап кетсе, чукул чараларды көрүүгө туура келерин эскертти

Күнүмдүк керектелүүчү азыктардын ички рыноктогу баасын толук турукташтырууну камсыз кылуу зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча өткөрүлгөн жыйында билдирди.

«Бир айдан бери биз күнүмдүк керектелүүчү азыктардын кымбатташын ооздуктоо боюнча иш жүргүздүк, бирок кырдаалды турукташтыруу мүмкүн болбой жатат. Баа саясатына мониторинг жүргүзүү боюнча берилген тапшырмалардын, товарларды дүңүнөн сатуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жарманкелерди уюштуруу боюнча аткарылган иштердин негизинде акыркы жумаларда баалардын дагы жогорулап кетишинин алдын алууга мүмкүндүк болду, бирок бул тийиштүү деңгээлде натыйжалуу боло алган жок.

Баалар боюнча жүргүзүлгөн талдоо социалдык жактан маанилүү азык-түлүк наркына карата аймактар ортосунда олуттуу ажырым бар экенин көрсөттү. Логистикалык чыгымдар бар экени түшүнүктүү, бирок анчалык деле чоң эмес. Мисалы, доллардын курсу жогору, бирок акыркы айларда туруктуу болууда. Баалардын мындай көтөрүлүшүнүн себеби эмнеде?! Азык-түлүк коопсуздугун жана баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жыйындысыян кабыл алуу керек», - деп белгиледи Артем Новиков.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Кыргыз Республикасына товар ташып келүүдө ортомчу уюмдарды четтетүү жана рынокто бааларды турукташтыруу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү зарылдыгын белгиледи.

«Биз экономикадагы мамлекеттик жөнгө салуунун тарапкери эмеспиз. Бирок кырдаал курчуп кетсе, шашылыш чараларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек болот. Базар экономикасынын өзүнүн эрежелери бар, бирок биз калктын товарларды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн жана импортерлордон дүң баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышыбыз керек. Биринчи кезекте жарандар жөнүндө ойлонушубуз керек. Ошондой эле күнүмдүк керектелүүчү товарларды, майда жандыктарды жана бодо малды мыйзамсыз экспорттоого тыюу салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, эттин баасын төмөндөтүү мүмкүн болбой жатат. Бир аз төмөндөгөндөн кийин дүң базардагы баалар кайрадан көтөрүлдү. Бул белгиленген чектөөлөрдү айланып өтүү механизми бар экендигин айгинелейт. Мыйзамсыз экспорттоону токтотуш керек. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына социалдык маанилүү товарлардын дүң бааларына жараша чекене базардагы ренитабелдүүлүк деңгээлине мониторинг жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди», - деди Премьер-министрдин м.а.

Артем Новиков ушул жумада пилоттук тематикалык жарманкелер башталаарын эске салды.

«Бишкек шаарынын эки түйүнүндө, тактап айтканда, Токтоналиев көчөсүндөгү «Globus» жана Горький көчөсүндөгү «Фрунзе» соода тармагынын парк аймагында күнүмдүк керектелүүчү продуктулар дүң баа боюнча сатыкка коюлат. Белгиленген баалар орнотулат. Мисалга, уй эти 370-380 сомдон, он жумуртка 85 сомдон ашык эмес, өсүмдүк майынын баасы 108 сомдон 115 сомго чейин сатылат. Бааларды фиксациялоо үчүн ар бир облустун жетекчиси өндүрүүчүлөр менен продукцияны дүң баа боюнча сатууну камсыздоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү маанилүү. Оңдуу натыйжа берген учурда, мындай тематикалык павильондор ар бир региондо ачылат. Мындан тышкары, Бишкек шаарында ар дем алыш күндөрү айыл чарба продукциясынын жарманкесинин өткөрүлүшүн камсыздоо зарыл. Шаардыктар бул жарманкелерде товарлар кандай баа боюнча коюларын алдын-ала билиши керек. Буга катар облустардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө күндөлүк колдонуулуучу продуктуларды пайдалануусун талдоо жүргүзүү жана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги менен биргеликте өндүрүүчү жана импортерлордон республиканын бардык аймактарына дүң баа боюнча түз жеткирүүлөрдү камсыздоосу тапшырылды», - деп жыйынтыктады Артем Новиков.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министрдин милдетин аткаруучу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Тактап айтканда:

- Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлиги менен 400 миң тонна буудай ташып келүү боюнча Меморандум түзүү жана аны ишке ашыруу жана завод-өндүрүүчүлөрдөн түз жеткирүү үчүн меморандумду өсүмдүк майы жана башка продуктуларга жайылтуу маселесин иштеп чыгуусу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте күндөлүк колдонуучу продуктуларды ташууну камсыздоону мониторингдөө үчүн убактылуу пост уюштуруусу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө социалдык маанидеги товарларга күнүмдүк мониторинг жана талдоо жүргүзүп, өзгөрүүлөр орун алган учурда чара көрүүсү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга маалымдоосу:

- Бишкек шаарынын мэриясына муниципалдык павильондордо сатылуучу социалдык маанидеги товарлардын тизимине (май, жумуртка, ун, эт, анын ичинде куш эти) дүң баа боюнча киргизүүсү тапшырылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх