Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзүн Ташиевдин тууганымын деп тааныштырган адам, мунапыска ылайык туткундарды бошотуу үчүн акча талап кылган

Шылуундун Молдовановка айылынын колониясында жазасын өтөрүн УКМК аныктады

Камактагыларды мунапыс менен бошотуу үчүн акча алынып жаткан имиш деген келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирет.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө белгилүү бир жаран өзүн Муканбетов Санжар Турдукожоевич деп тааныштырып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын артында жашырынып, абактагыларды мунапыс менен бошотуу үчүн акча талап кылышкандыгы аныкталды.

Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылында ИК-1 мекемесинде “Алдамчылык”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Качуу” беренелери боюнча жаза өтөп жаткан 1987-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Салибаев Санжар аныкталды.

Өзүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруу үчүн, ал айрым жарандардын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен акча алган.

Азыркы учурда, топтолгон материалдардын жыйынтыгы боюнча, сотко чейинки өндүрүштү КЖБРдин АСке каттоо маселеси чечилип жатат.

Белгилей кетүүчү жагдай, мунапыс жарыялоо УКМКнын компетенциясына кирбейт, анткени сот органдары «Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуунун предмети болуп саналат.

УКМК эскертет: эгерде сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калсаңыз, анда тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх