Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Бул купуя." Садыр Жапаровдун штабы каржылоо булактарын атоодон баш тартты

Учурда президенттикке талапкердин шайлоо фондунан 44 миллион сом сарпталды

Кыргызстанда президенттик шайлоого даярдык кызуу жүрүп жатат. Талапкерлер шайлоочулар менен жолугушуп, үгүт сапарларын өткөрүп, алдыдагы дебаттарга даярданып жатышат.

БШКнын маалыматы боюнча, буга чейин Садыр Жапаровдун шайлоо фондунан 44 миллион сом сарпталган - бул талапкерлердин арасындагы үгүт иштерине сарпталган эң ири сумма.

Ошол эле учурда, Жапаровдун өкүлү Александр Мосчин Vesti.kg менен болгон сүйлөшүүдө бардык каражаттар талапкердин шайлоо фондусуна мыйзамдуу түрдө которулган деп ишендирди. Бирок, ал каржылоо булактарын ачыкка чыгаруудан баш тартып, редакциядан расмий кат менен алардын штабы менен байланышууну суранды.

"Бардыгы мыйзам чегинде жүргүзүлөт" дейт Мосчин. - Калган маалыматтарды БШКга билдиребиз. Аларды ачыкка чыгарууга менин укугум жок, алар купуя маалымат. Бул суроого жооп беришим керек деп эч жерде жазылган эмес.

Эске салсак, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх