Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мирлан Бакиров өз каалоосу менен парламенттин төрагасынын орун басарынын креслосун бошотту

Анын кызмат ордуна Уланбек Исмаиловдун талапкерлиги көрсөтүлгөн

Парламенттин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров креслону өз каалоосу менен бошотууну чечти. Instagram социалдык тармагындагы баракчасында ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаев билдирди.

«Мирлан Бакиров өзүн Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары катары таанытып, тажрыйба топтоду. Ал өзүн саясий чөйрөдө жакшы көрсөттү. Ал жаш муундагы депутаттарга жол ачуу үчүн өз каалоосу менен кызматтан кетүүнү чечкен.

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын саясий кеңешинин чечими менен ЖКнын спикеринин орун басарлыгына Уланбек Исмаилов көрсөтүлгөн. Сурамжылоонун жыйынтыгында мындай чечимди “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттары колдошту, деп жазган Төрөбаев.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх