Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттикке талапкерлер бизнес-ассоциациялар менен биргелешкен декларацияга кол коюшат

Документте кийинки мамлекет башчысынан ишкерлердин негизги күтүүлөрү баяндалат

Эртең, 24-декабрда, Кыргызстандын салык төлөөчүлөрүнүн 90 пайыздан ашыгын түзгөн 25 ири бизнес-ассоциациянын өкүлдөрү президенттикке талапкерлер менен жолугушуп, өлкөнүн экономикасын жана бизнесин өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашат жана биргелешкен декларацияга кол коюшат.

Декларацияда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин негизги бизнес-күтүүлөрү баяндалат:

Инвестицияларды, жеке менчикти, ошондой эле учурдагы Конституция кепилдеген башка укуктар менен эркиндиктерди коргоо;

Рыноктук экономиканын принциптерин сактоо, анын ичинде мамлекеттик жөнгө салууну азайтуу, өкмөттүн экономикалык иш-аракеттерге минималдуу катышуусун камсыз кылуу, жеке секторду өнүктүрүү;

Инвестиция тартуу жана инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкер чөйрөнү түзүүгө жардам берүү;

Натыйжалуу тышкы саясатты жүргүзүү, эл аралык аренада Кыргызстандын жагымдуу имиджин түзүү жана сактоо, эл аралык сооданы илгерилетүү жана тышкы экономикалык ишти өркүндөтүү;
Соттордун Кыргыз Республикасынын Президенти институтунан жана башка бийлик бутактарынан максималдуу көз карандысыздыгын камсыз кылууну камтыган толук масштабдагы сот реформасын жүргүзүү;

Коопсуздук органдарынын, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын ишкердик субъектилерине карата кийлигишүүсүн жана мыйзамсыз аракеттерин жоюу;

Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн тажрыйбасынын негизинде туруктуулукту, каржы тутумунун жана акча-кредит саясатынын өнүгүшүн камсыз кылуу;
Мамлекеттик органдардагы, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү жетекчи кызматтарга кесипкөй жана ак ниет кадрларды тартуу;

2023-жылга чейин Кыргызстанды экономикалык эркиндиктин, глобалдык атаандашууга жөндөмдүүлүктүн, коомдогу коррупцияны кабылдоонун, мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүнүн жана башка эл аралык авторитеттүү көрсөткүчтөрдүн эл аралык рейтингинде биринчи 40 мамлекеттин катарына кошулууга багытталган структуралык реформаларды жүргүзүүгө көмөктөшүү.

Талапкерлер өз кезегинде базар экономикасын өнүктүрүү жана инвестицияларды коргоо боюнча эң маанилүү бизнес билдирүүлөрдү аткарууга берилгендигин тастыкташат.

Талапкерлердин ар бири кыскача экономикалык программасы менен тааныштырып, бизнес ассоциациялардын башчыларынын каалоолорун угушат.

Эл аралык ишкерлер кеңеши
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх