ИИМ Төрөхан Жунусбеков менен Мелис Аспековгокарата текшерүү ишин баштады
Садыр Жапаровдун штабы аларды мыйзамсыз үгүт жүргүзгөн деп айыптоодо
Ички иштер министрлиги Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мочиндин суранычы боюнча Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбековго байланыштуу тергөө ишин баштады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
- Мелис Аспековго байланыштуу текшерүүнү Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы, Төрөхан Жунусбековду - Талас облусунун Ички иштер башкармалыгы жүргүзүшү керек, - деп билдиришти ИИМден. - Материалдар Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын көзөмөлүндө.
Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg сайты Александр Мосчин Төрөхан Жунусбеков менен Мелис Аспековго чара көрүү өтүнүчү менен Ички иштер министрлигине жана БШКга кайрылгандыгын жазган. Анын айтымында, жогоруда аталган адамдар Жапаровдун штабынын мүчөлөрү эмес, бирок талапкердин сүрөттөрүн колдонуп үгүт иштерин жүргүзүп жатышат.
Ал арада Мелис Аспеков өзү Vesti.kg менен болгон маегинде Жапаровдун өкүлүнүн мындай билдирүүсү жөнүндө биринчи жолу угуп, Мосчин менен тааныш эмес экендигин белгиледи. Бирок активист журналист менен болгон маектешүүнү андан Чүй облусундагы Жапаровдун штабын жетектейсизби деген суроодон кийин үзгүлтүккө учураткан.
Өз кезегинде, жакында Мегакомдун башкы директорунун кеңешчиси кызматын алган Төрөхан Жунусбеков дагы Vesti.kg сайтына эч кандай билдирүү жөнүндө билбестигин айтты.
Вероника Малышева
Сүрөт www