Камчыбек Ташиев №21 адистештирилген мектеп-интернатына белектерди алып келди (сүрөт)
УКМК мекемеге кир жуугуч машина, телевизор, идиш-аяк, кышкы курткалар ж.б.жеткирди
Бүгүн, 28-декабрда, Жаңы жылдын алдында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы угуусу начар жана дүлөй балдар үчүн адистештирилген №21 мектеп-интернатына барды.
Салтанаттуу кырдаалда УКМКнын башчысы аталган мекеменин жалпы эмгек жамаатын жана окуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, баардыгына чың ден-соолук каалады. Андан соң, УКМКнын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан кир жуугуч машина, телевизор, 200 кишилик идиш-аяк, 30 баланын кышкы курткалары, таттуулар түрүндөгү 150 жылдык жаңы жылдык белектер, 120 кг ашык кир жуугуч порошок жана 5 куту самын жуугучтар белекке берилди.
Интернаттын администрациясы Ташиевдин жеке өзүнө жана УКМКнын бардык кызматкерлерине белектери үчүн ыраазычылык билдирди.
Интернаттын окуучулары жакшы тилектерин айтышып, жаңы жылдык программа менен чыгышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында кечиктирилгис көйгөйлөр талкууланды.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www