Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Темирлан Султанбеков: 14-октябрда Башкы прокуратура Асылбек Жээнбековду жоопко тартылбайт деп жооп берди

Жаш саясатчы акыйкат чечим чыгат деп үмүттөнүп, Курманкул Зулушевге жаңы кайрылуу жолдоду

Темирлан Султанбеков бир жылдан кийин Башкы прокуратурадан жооп алып, анда Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков жоопко тартылбай тургандыгы айтылган. Бул тууралуу жаш саясатчы Facebook социалдык тармагына тараган билдирүүсүндө айтты.

Кат Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетээрден бир күн мурун, 2020-жылы 14-октябрда жазылган деп белгиленет.

“Мындан 1,5 жыл мурун, Жээнбековдор биздин мамлекетте чоң күч болуп турганда, мен Башкы прокуратурага Асылбек Жээнбековду жоопко тартуу өтүнүчү менен арыз берген элем. Мен ал жасаган мыйзам бузууларды санап бердим. Тилекке каршы, анда Башкы прокуратура унчуккан жок. Мына эми кат мага жакында эле жетти. Бул 2020-жылы 14-октябрда жазылган. Бул катта алар Асылбек Жээнбеков эч кандай жоопкерчилик тартпагандыгын жана ага кылмыш иши козголбой тургандыгын жазып жатышат. Эскерте кетсем, Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда кызматтан кеткен. Ар бир адам акыркы күндөрү деле өзүлөрү жөнүндө ойлонуп, кылмыштарынын изин тазалаганын түшүнөт. Бир жыл бою жооп бере албаган прокуратура күтүлбөгөн жерден дароо жооп берди. Биз аны ушунтип эле таштабай тургандыгыбыз анык », - деди ал.

Ошол эле учурда Темирлан Султанбеков дагы бир жолу ошол эле фактылар боюнча жаңы Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдогонун жарыялады. Саясатчы эми, балким, акыйкат чечим кабыл алынат деп үмүттөнөт.

Сүрөт www



 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх