Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жалгыз бой атанын балдарына Жаңы -жылдык белек беришти

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери балдарга белек-бечкек жана тамак-аш беришти

Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын ПМКнин өзүнчө  кызматкерлери Мирлан Жаркымбаев менен Медет Абдылдаев Түп районунун Михайловка айылында иш сапарда жүргөндө Аскат Алымбаевдин үй-бүлөсүнүн кыйынчылыктары жөнүндө билишти. Жалгыз атасы ижарага алынган батирде жашы жете элек үч баланы тарбиялайт. Улуу баласы 5 жашта, кичүүсү 2 жашта. Аялы 2018-жылы кичүү уулун төрөп жатып көз жумган. Ар кандай толук эмес жумуштан тапкан акча эптеп күнүмдүк жашоого жетет.

 

Милиционерлер кызматтагы кесиптештерине кайрылышты. Жалгыз адам башына түшкөн оор кырдаал эч кимди кайдыгер калтырган жок. Жана өзүнчөПМКнын  кызматкерлери, ошондой эле Ысык-Көл РИИБнын туристтик милициясы Жаңы жылдык керемет тартуулоону чечишти. Чогулган каражатка балдарга Жаңы жылды үй-бүлөсү менен тосуу үчүн белектер жана тамак-аш сатып алынды.

Белектерди тапшырып жатып, Ысык-Көл РИИБнын башчысы Улан Асанбаев белгилегендей, жок дегенде бир үй-бүлөгө жардам берүү мүмкүнчүлүгү болсо, салым кошуу керек. Айрыкча балдар жөнүндө сөз болгондо, ар бир бала Жаңы-жылдык кереметке татыктуу.

Берилген таттуулар балдар үчүн чыныгы сюрприз болду, ал эми алардын чын жүрөктөн кубанышы полиция кызматкерлерине эң сонун ыраазычылык болду.

Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх