Өмүрбек Бабанов кыргызстандыктарды Жаңы-жылы менен куттуктады
Саясатчы мекендештерге чың ден-соолук, ийгилик жана бакыт каалады
Мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы-жылы менен куттуктады. Саясатчы куттуктоосун Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.
«2021-жыл чоң ийгиликтердин жылы болсун!
Келе жаткан жаңы- жылда дүйнөбүз жакшырып, коопсуз болуп, өлкөбүз өнүгүү жолунда чоң кадамдарды жасап, жакындарыбыз биз менен кошо жаркырап турушсун!
Ар бир күн өзгөчө кубанычка толуп, пландар оңой ишке ашып, бардык кыйынчылыктар артта калып, айлана-чөйрө жарык болсун!
Ар бир кыргызстандыкка чың ден-соолук, ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Жаңы 2021-жылы чоң максаттарга жетип, бардык жакшы пландарды ишке ашырышыңарды каалайм! ”, - деп жазган Бабанов.
сүрөт www