Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев ээлеген кызматынан бошотулду

Кызматтан кетүү тууралуу арызды чиновник өзү жазгандыгы белгиленди

Аксы районунун башчысы Эсеналы Ормоналиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Эсеналы Касымалиевич Ормоналиев берилген арызга ылайык, мамлекеттик администрация башчысы - Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду ", - деп айтылат министрлер кабинетинин расмий билдирүүсүндө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх