Гүлбара Калиева: Мен УКМКнын чакыруусун четке каккан жокмун
Жогорку Соттун Төрайымы ооруканада экендигин эскертти
Жогорку Соттун Төрайымы Гүлбара Калиева Vesti.kg сайтына берген маегинде УКМКнын тергөөчүнүн чакыруусун этибарга албай жатат деген расмий билдирүүсүнө комментарий берди.
Калиеванын айтымында, 2020-жылдын 30-декабрында ал чындыгында УКМКдан чакыруу кагазын алган, бирок ошол күнү анын адвокаты келе албай калган, ошондуктан сурак күнүн жылдыруу өтүнүчү жиберилген.
"Мен тараптан көңүл бурбай коюу болгон жок", - деп баса белгиледи Гүлбара Калиева. - Менин жактоочум бош эмес жана расмий билдирүү жазып, алар каттоодон өткөрүп, суракты 4-январга жылдырышты. 2-январда дарыланып баштагам, 4-январда ооруканага жаттым. Азыр мен ооруканада жатам. Бул тууралуу УКМКга кабарлаганбыз. Алар келип, менин ооруканада экенимди тастыкташты.
Жогорку Соттун башчысы ошондой эле сурак качан болоорун билбей тургандыгын белгиледи.
Бүгүн УКМКнын пресс-борбору “Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Гүлбара Калиева тергөөчүнүн чакыруусун тоготпой жатат” деген аталышта билдирүү жөнөткөнүн түшүндүрүп берели. Бирок текстте анын суракка чакыруу кагаздарын кандайча этибарга албагандыгы көрсөтүлгөн эмес.
Эске салсак, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында Жогорку соттун башчысы камалышы мүмкүн деп билдирген. Ал белгилегендей, атайын кызмат Гүлбара Калиеванын кылмышка тиешеси бар экендигин жергиликтүү сот тутумун киргизүү менен аныкташкан. Мындан тышкары, материалдар тартип комиссиясына өткөрүлүп берилгени маалым болду.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www