Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Шайлоодогу чагымчыл аракеттердин алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат

Коопсуздук кызматкерлери экстремисттердин жана кылмыштуу топтордун шайлоо жараянын үзгүлтүккө учуратуу аракетин басууга даяр

Учурда УКМКда өлкөдөгү шайлоо алдындагы кырдаалды туруктуу көзөмөлдөө, ошондой эле аймактык бөлүнүштөрдү жана алардын башка мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүсүн координациялап турган ыкчам штаб иштейт.

УКМКнын өздүк курамы кызматтын күчөтүлгөн версиясына өткөрүлдү. Жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү 2021-жылдын 10-январындагы шайлоо учурунда иштелип чыккан.

Негизги көңүл деструктивдүү топтордун, диний экстремисттик жана кылмыштуу топтордун шайлоо жараянын үзгүлтүккө учуратууга багытталган чагымчыл аракеттерди даярдоонун белгилерин өз убагында аныктоого жана алдын алууга бурулган.

Мамлекеттин турмуштук маанилүү иш-аракетинин стратегиялык маанилүү объектилерин антитеррордук коргоо чаралары күчөтүлдү. Укук коргоо органдары жана чек ара кызматы менен биргеликте террористтик жана диний экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн аныктоо, ошондой эле чек ара аймактарында чыр-чатактуу кырдаалдардын алдын алуу максатында жарандардын кирүү жана чыгуу чыпкалоо иштери жүргүзүлөт.

Учурдагы кырдаалда УКМК Кыргыз Республикасынын коомдук жана саясий туруктуулугун сактоо жана жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жигердүү иш алып барууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарды Кыргыз Республикасында президенттик шайлоо жана референдум учурунда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды чыңалууга жана туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон чагымчыл мүнөздөгү материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат.

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде чагымчыл материалдарды жайылтуу үчүн жоопкерчилик каралгандыгын эске салабыз.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх