Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ: Добуш берүү күнү атайын коомдук тартипти бузуу катталган жок

Милициянын айтымында, шайлоо участкаларында абал туруктуу, эч кандай чагымчылдык катталган жок

Учурда Бишкек шаарындагы жана аймактардагы шайлоо участкаларында коомдук тартипти олуттуу түрдө бузуу фактысы катталган жок. Милиция кызматкерлери 2420 шайлоо участкасында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылышат.

Буга чейин, 2020-жылдын декабрь айында, шайлоо алдындагы үгүт жана шайлоо учурунда комплекстүү иш-чаралар планы бекитилген. План боюнча 280ден ашык документация топтору түзүлгөн. Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери 70тен ашык мыйзам бузуу жөнүндө билдирүү каралып, анын ичинен 9 факт КЖБРде катталган (7 кылмыш, 2 укук бузуу).

Кезексиз президенттик шайлоо жана референдум күнү шайлоо участкаларында жана жалпысынан өлкөдө абал туруктуу,
коомдук тартипти олуттуу бузуу катталган жок.

8-январдан баштап милиция кызматынын күчөтүлгөн тартипке өттү. Коомдук тартипти коргоого 11 миңден ашуун полиция кызматкерлери тартылган. Шайлоо участкаларында 5 миңден ашуун милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылышат.

Ушул саатта маалымат журналына 14 материал катталды. Анын ичинен Ош облусунда 2, Бишкек шаарында 9, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 катталган.Бардык маалыматтар текшерилип, көптөгөн билдирүүлөр БШКнын компетенциясына кирет. Учурда материалдар КЖБРге каттоодон өтө элек.

ИИМдин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх