Шайлоо участогундагы дагы бир мыйзам бузуу (видео)
БШК маалымат укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилерин билдирди
Кыргызстандагы президенттик шайлоо учурундагы дагы бир мыйзам бузуу Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү шайлоо участкасында аныкталды.
Facebook колдонуучусу Санжар Калматай шайлоо участогунда президенттикке талапкер Садыр Жапаровго үгүт материалдары көрсөтүлгөн видеотасманы жарыялады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына бул факт боюнча маалымат укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилерин билдирди.
"Бул мыйзам бузуу, маалымат Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилет", - деп жооп берди БШК.
Манас Колбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз