Кыргызстанда президенттик шайлоого жана референдумга добуш берүү аяктады
Комиссиялар добуштарды санай баштады
Кыргызстанда президенттик шайлоодо жана референдумда добуш берүү аяктады. Бардык шайлоо участкалары саат 20: 00дө жабылды. Шайлоо комиссиялары эми добуштарды кол менен эсептөөгө киришет, андан кийин бардык маалыматтар БШКга жөнөтүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 18: 00дө президенттик шайлоого 1 миллион 180 миң 515 шайлоочу добуш берди, бул болжол менен 33 пайызды түзөт. Референдумга 1 миллион 178 миң 656 адам катышкан, бул дагы шайлоочулардын болжол менен 33 пайызын түзөт.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз