Шайлоочулардын 81 пайызы президенттик башкаруу формасы үчүн добуш берди
Референдумдун алдын-ала жыйынтыктары белгилүү болду
БШКнын маалыматы боюнча саат 20.19га карата шайлоочулардын көпчүлүгү Кыргызстандагы президенттик башкаруу формасы үчүн добуш беришти.
Автоматтык урналардан алынган маалыматтарга караганда, шайлоочулардын 81% дан ашыгы президенттик башкарууну тандашкан.
Парламенттик форма үчүн - шайлоочулардын 10%. Мамлекеттик башкаруунун эки түрүнө тең каршы добуштар 4% ды түздү.
Шайлоочулардын саны 3 563 574 адамды түздү, бирок 751 250 адам гана добуш берди.
Акылай Батырбекова
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз