Садыр Жапаров: Кимдин тарапташтары митингге чыкса дагы, алар көпчүлүктүн пикирин колдошу керек
Президенттикке алдыңкы талапкер эртеңки күнү премьер-министрдин талапкерлиги жөнүндө ойлоно тургандыгын белгиледи
Президенттик шайлоону ишенимдүү жетектеген Садыр Жапаров, өкмөттү ким жетектей тургандыгы жөнүндө азырынча ойлоно электигин билдирди.
Талапкер бул маселе менен эртең иштешерин белгиледи.
Журналисттер ага ар кандай саясатчылардын тарапкерлеринин нааразычылык акциялары башталгандыгын айтышты.
"Менде ал жакка кимдин тарапташтары чыгып жаткандыгы тууралуу маалыматым жок" деди ал. - Алар ким болсо дагы, менин тарапташым болсо дагы - алар көпчүлүк элдин пикирин колдошу керек. Мындай көрүнүш дүйнө жүзүндө болот. Азчылык көпчүлүктүн пикирин колдошу керек.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www