Жапаров: 230 адам мунапыс менен бошотулган. Бул иш жүзүндө жетишсиз
Президенттикке талапкер майда кылмыштары үчүн кармалгандар бошотулушу керек дейт, анткени алардын камакка алынышы өлкөгө пайда алып келбейт
Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Кыргызстандагы соттор көз карандысыз болоорун жарыялады.
"Биз сөзсүз түрдө сот реформасын жүргүзүп, сотторду кеминде 90-95 пайызга көзкарандысыз кылышыбыз керек" деди ал журналисттерге. - Эсиңизде болсо, мен депутат болуп турган кезимде сот-укуктук реформа боюнча комитеттин төрагасы элем. Андан кийин 100гө жакын адам Убактылуу өкмөткө келип, мени кызматтан алып салышты, кийин бүгүнкү сот тутумун түзүштү. Ошондо мен жалгыз болуп, сот тутуму менен күрөшүүгө күчүм жетпеди.
Ошондой эле Жапаров президенттин милдетин аткарып турган мезгилде ким мунапыс менен бошотулган деген суроого жооп берди.
"230 адам мунапыс менен бошотулуп, 38 адам кыскартылды", - деди ал. - Бул иш жүзүндө жетишсиз, анткени мен камалган түрмөдө деле 500гө жакын адам майда мыйзам бузуулар үчүн отурушат. Биз бул иштердин бардыгын териштиришибиз керек. Анча-мынча мыйзам бузуулар үчүн кармалгандарды дагы бошотуу керек, анткени алардын камакка алынышы өлкөгө пайда алып келбейт, анткени биздин акча аларды кармоого бөлүнөт. Андан көрө, адам иштесин, үй-бүлөсүн баксын, салык төлөп, пайда алып келсин.
Ал мунапыска ылайык бошотулгандардын арасында саясатчылар жок экендигин кошумчалады.
Манас Көлбаев
Сүрөт www