Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эльдар Абакиров: Мындан жакшы жыйынтык болот деп күттүм

"Мен үчүн эң башкысы, бардыгы мыйзам чегинде болушу керек"

Президенттикке талапкер Элдар Абакиров мындан жакшы жыйынтыкка үмүттөнүп жаткан. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү айтып, президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыктарына комментарий берди.

Анын айтымында, өткөн президенттик шайлоодо фундаменталдык мыйзам бузуулар аныкталбаса, анда аларды мыйзамдуу деп эсептесе болот.

"Мен үчүн эң башкысы, бардыгы мыйзам чегинде болушу керек", - деди Абакиров. - Акыркы эсептөө жок болсо дагы, сандарды караш керек, ошондо баары түшүнүктүү болот. Шайлоодо эч кандай фундаменталдык мыйзам бузуулар болбосо, анда алар жарактуу деп табылышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, урналарды автоматтык түрдө окуп чыгуудан алынган алдын ала маалыматтар мурда белгилүү болгон. Ошентип, учурда Садыр Жапаров чоң айырма менен алдыда, анын артында Адахан Мадумаров турат.

Ал арада, Элдар Абакиров, алдын-ала эсептөөлөр боюнча, 0,44 пайызга ээ болду.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх