Курсан Асанов: Мен шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп эсептейм. Мыйзам чегинде күрөшөлү
Генерал Ошто дагы көп добуш алыш керек болчу деди
Президенттикке талапкер Курсан Асанов шайлоонун алдын ала жыйынтыктары менен макул эместигин билдирди.
"Менин оюмча, жыйынтыктар бурмаланган", - деди генерал. - Бүгүнкү күнгө чейин Оштогу ар бир шайлоо участкасынан жаңылыктар агып турат. Бул кокустук эмес. Мен ар бир талапкер үчүн жооп бере албайм. Мен өзүм үчүн гана айтам. Биз көп добуш алышыбыз керек болчу, бирок 309 гана добуш бар деп жатышат. Арашанда 2 гана добуш бар деп жатышат. Бул болушу мүмкүн эмес. Бул менин өзүм ал жактан келгенимден эмес. Бишкек шаары дагы, Чүй облусу дагы талапкерлердин деңгээлин төмөндөтүштү. Алар өзүлөрүнөн коркушат. Мен шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмесмин. Мыйзам бузуулар көп болгон. Мыйзам чегинде күрөшөбүз.
Сүрөт www