Кармалган Транспорт министрлигинин статс-катчысы үй камагына бошотулду
Коррупцияга шектелген Эрмек Мамыркалиев өз ыктыяры менен мамлекетке 2 миллион 500 миң сом кайтарып берди
Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун Мамлекеттик дирекциясындагы (мындан ары - ГДАД) коррупция фактысы боюнча сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, 2021-жылдын 7-январында, Транспорт министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев кылмышка шектелип кармалган.
Мамыркалиев 9-январда мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыяндын бир бөлүгү 2 500 000 сомду өз ыктыяры менен акчалай түрдө төлөп берди.
Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Мамыркалиевге карата үй камагы түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонду.
Учурда, сотко чейинки процесстин алкагында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) 30га жакын ар кандай рангдагы кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартты. Бул коррупциялык схема боюнча келтирилген чыгым 20 миллион сомду түздү, анын дээрлик бардыгы Финансы полициясы тарабынан кайтарылды.
Сотко чейинки тергөө иштери аяктоо алдында турат.
ЭКККМКтин басма сөз кызматы
сүрөт www