Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Александр Мошин: Садыр Жапаровдун жеңишинин урматына жеке фонддор каржылаган концерт

Президенттикке талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү аянттагы иш-чараны эл өзү уюштурган деп түшүндүрдү

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мошин кечээ Ала-Тоо аянтында өткөн концертти ким каржылаганын Vesti.kg сайтына билдирди.

 

"Концерт үчүн эл акча чогултту", - деп жооп берди Мошин. - Штаб концертти өткөрүүгө Бишкек мэриясынан уруксат сурап, муниципалитет оң жооп берди. Концерт Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктагысы келген анын тарапташтарынын жеке каражаттарынан төлөндү. Башкача айтканда, майрамды эл өзү демилгелеген.

 

Эске салсак, кечээ Бишкек шаарынын башкы аянтында президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жеңишинин урматына концерт болуп өттү. Сахнада Кыргызстандын белгилүү артисттери өз өнөрлөрүн тартуулашты, элге палоо жана чай берилди.

 


Мираим Алмаспек кызы

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх