Садыр Жапаров инаугурациядан кийин премьер-министр кызматынан кетет
Артем Новиков өкмөттүн башчысынын милдетин аткарууну улантууда
Садыр Жапаров инаугурациядан кийин премьер-министрликтен расмий түрдө кетет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Рысалиев билдирди.
"Артем Новиков премьер-министрдин кызматын улантат" деп жооп берди. - Мыйзамдарга ылайык, инаугурация БШК тарабынан шайлоонун акыркы жыйынтыктары жарыялангандан кийин бир айдын ичинде өтүшү керек.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2020-жылы 14-ноябрда президенттик шайлоого аттанып жатып, премьер-министрликтен кеткен.
Медина Купсулдаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз