Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын кызматкерине 70 миң сом сунуш кылган Социалдык фонд бөлүмүнүн башчысы кармалды (сүрөт)

Чиновник бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу фактысы боюнча ишти токтотуу үчүн пара берүүнү пландаштырган

Бир күн мурун, 11-январда  УКМКнын  АКС кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси (Пара берүү) менен КЖБРдин АСте катталган сотко чейинки процесстин алкагында, Социалдык фонддун Талас облустук башкармалыгынын башчысы Ы.И.С. кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн Талас Социалдык фонддун кызматкерлеринин  жол чыгымдарына бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды алгандан кийин, Ю.И.С. УКМКнын кызматкерине 70 миң сом өлчөмүндө накталай акча сунуш кылган.

Кармалган адам Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу бөлүмүнө киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх