Садыр Жапаров Түркия менен мамилесин кеңейтүүнү көздөп жатат
Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсүн куттуктады
Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду Кыргызстандын Президентинин кызмат ордуна шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Жапаровду шайлоо штабынан билдиришти.
"Бир тууган элдерибиздин тыгыз достук байланыштары менен бекемделген мамилелерибизди жана кызматташтыгыбызды мындан ары өркүндөтүү үчүн биргелешип иштөөгө даяр экенимди билдирем", - деп айтылат куттуктоодо.
Эрдоган өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташууну чыңдоого даяр экендигин билдирип, достук мамиледеги кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Садыр Жапаров Түркиянын башчысына ыраазычылыгын билдирди. Анын кайрылуусу Facebook социалдык тармагындагы баракчасында пайда болду.
“Урматтуу Президент, урматтуу бир тууганым!
Шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгына байланыштуу куттуктоолор жана жакшы каалоолор үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.Мен Түркия Республикасы менен мамилелерди максималдаштыруу ниетимди өзгөчө белгилегим келет. Себеби биздин Түркияга карата тышкы саясатыбыз туруктуу : Түркия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү гана эмес, анын чегинен тышкары боордош өлкө. Учурдан пайдаланып, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы азыркы мамилелер бардык тармактарда өсүп-өнүгөт деген ишенимимди билдиргим келет.
Ушундан улам, сиздердин каалоолоруңуздарды жана өлкөлөр ортосундагы мамилелерибизди жана кызматташтыгыбызды мындан ары өркүндөтүү үчүн биргелешип иштөөнү каалагандыгыңыздарды чын жүрөктөн бөлүшөм. Бул жолдо мен керектүү аракеттерди жасайм », - деп жооп берди Жапаров.
Сүрөт www