Абдил Сегизбаевдин пиар бөлүмүнүн кызматкери УКМКга суракка чакырылды (сүрөт)
Президенттикке талапкер өзү муну кысым жана куугунтук деп атады
Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин штабынын пиар бөлүмүнүн кызматкери Нурзада Токтогулова УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Өз кезегинде Сегизбаев өзү социалдык тармакка Токтогулованын эмне себептен чакырылгандыгын билбей тургандыгын жазган.
"Биз муну куугунтуктоо жана кысым көрсөтүү деп эсептейбиз", - деп жыйынтыктады ал.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз