Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
"Кыргыз элинин эркин билдирүүнүн натыйжалары сиз тандаган багытка коомдук кеңири колдоо экендигин күбөлөндүрөт."
Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.
“Кыргызстан элинин эркин билдирүүнүн натыйжалары сиз тандаган багыттагы, өлкөдөгү туруктуулукту жана ынтымакты чыңдоого, анын мындан аркы туруктуу өнүгүүсүнө жана бекемделишине багытталган коомдук кеңири колдоого ээ экендигин күбөлөндүрөт.
Тажикстан менен Кыргызстандын элдерин кылымдарды карыткан достук, жакшы коңшулук жана өз ара урматтоо мамилелеринин салттары байланыштырып турат. Биздин элдерибиздин ортосундагы мамилелердин бүтүндөй тарыхый мурастарын сактоого жана өркүндөтүүгө кызыктармын, мен сиздер менен биргеликте тажик-кыргыз көп кырдуу кызматташтыгынын бүткүл комплексин сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүүгө умтулуумду билдирем ”, - деп айтылат куттуктоодо.
Рахмон Жапаровго чың ден-соолук жана президент катары жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, туруктуулук жана уламдан-улам өсүп-өнүгүүнү каалады.
КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкер Садыр Жапаровдун үгүт штабынын басма сөз кызматы
сүрөт www