Монголиянын Президенти Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Халтмаагийн Баттулга жаңы кыргыз лидерине чың ден-соолук жана ишине ийгиликтерди каалады
Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.
«Учурда Монголия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы тарых, маданий каада-салттар, демократия, адамдын укуктары жана эркиндиктери сыяктуу жалпы баалуулуктарга негизделген мамилелер жана кызматташтык бекемделип жатат. Бул мамилелерди кеңейтүүдө жана тереңдетүүдө сиздер менен тыгыз кызматташууну улантууга толук ишенем », - деп айтылат куттуктоодо.
Халтмаагийн Баттулга Садыр Жапаровго чың ден-соолук жана ишине ийгилик, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине бакубатчылык жана жакшылыктарды каалады.
КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкер Садыр Жапаров
Шайлоо алдындагы штабдын басма сөз кызматы
сүрөт www