Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик системалуу түрдө курулуш компанияларынан $ 5,000 чейин акча талап кылган (сүрөт)

Уруксат жана лицензиялык документтерди алууда жасалма жол менен тоскоолдуктар жаралган. Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин улук инспектору кармалды

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгында тутумдук коррупцияны жоюу боюнча максаттуу иштин жүрүшүндө, УКМКнын АБС кызматкерлери социалдык курулуш үчүн зарыл болгон мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун бергендиги үчүн курулуш компанияларынан мыйзамсыз акчалай  үзгүлтүксүз алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныкташты.

 

 

Ошентип, мыйзамсыз баюу максатында аталган бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери уруксат жана лицензиялык документтерди алууда тоскоолдуктарды жаратуучу механизмдерди киргизип, коммерциялык уюмдардын өкүлдөрүн 500дөн 5000 долларга чейин пара берүүгө аргасыз кылышкан.

2021-жылдын 14-январында, көрүлгөн чаралардын натыйжасында, кезектеги акчаны алгандан кийин, аталган мамлекеттик мекеменин ага инспектору пара менен кармалды.

Башка чиновниктердин катыштыгы бар экени аныкталууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх