Бишкекте Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды (видео)
Кылмышкерлердин өкүлү 2018-жылдан бери издөөдө болгон
Бишкек шаарынын ШИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Ш.А. 1989-жылы туулган - Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармады.
Кармалган адам тергөө кызматына алынып келип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Айыпталуучу Ш.А. 2018-жылдан бери Биринчи Май райондук соту тарабынан издөөдө болгон.
Бишкек ГУВД басма сөз кызматы
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз