Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Бишкек санитардык полигонунун" мурунку директору: Менин эч кимге дооматым жок

Нурлан Наматов өзүнүн кетишинин себебин түшүндүрдү

Vesti.kg менен болгон маегинде ээлеген кызматынан бошотулган Бишкек санитардык полигонунун директору Нурлан Наматов кызматтан өз ыктыяры менен кеттим деп түшүндүрдү.

"Мен Бишкек Санитардык полигонунун башчылыгынан өз каалоом менен кеттим", - деди ал. - Менин эч кимге дооматым жок. Башка эч нерсе жөнүндө комментарий бере албайм.

Эске салсак Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр  болгон. Бишкек санитардык полигонунун директору Нурлан Наматов ээлеген кызматынан бошотулду. Ишкананы буга чейин "Тазалык" ЖКнын башчысынын орун басары болуп иштеп келген Адил Назаров жетектейт. Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду .


Мираим Алмаспек кызы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх