Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖМК: Сыймык Жапыкеев ушул жумада камалышы мүмкүн

Маалым болгондой Мелис Аспеков ЭКККМКнын төрагасына каршы көрсөтмө берди

"Кыргыз Темир Жолунан" 250 миң доллар талап кылгандыгы үчүн кармалган жарандык активист Мелис Аспеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Каржы полициясы) башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу "Тараз" интернет-басылмасы өз булактарына шилтеме берүү менен жазат.

Каржы полициясынын башчысы ушул жумада камакка алынышы мүмкүн экендиги белгиленди.

Сайттын маалыматына ылайык, Аспеков тергөө учурунда ошол 250 миңдин 50 миң доллары Жапыкеевге арналган деп айткан.

Эске салсак, 9-январда жарандык активист Мелис Аспеков жана ишкер Улан Джураев 2021-жылдын 9-мартына чейин "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылгандыгы үчүн УКМКнын СИЗОсунда камакка алынган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх