Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК төрт участокто шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды

Жети УШКда референдумдун жыйынтыктары таанылган жок

БШК төрт шайлоо участогундагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынтыгы Араван районундагы шайлоо участкасында, Лейлек районундагы УШКлардын биринде, Кадамжай районундагы жана Нарын облусундагы бир УШКда жокко чыгарылды.

Мындан тышкары, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия референдумдун жыйынтыктарын жети УШКда: Ош, Кара-Суу, Араван, Нарын, Лейлек жана Кадамжайдагы эки шайлоо участкаларында тааныган жок.

Шайлоо участкаларында шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай калуунун себеби, добуш берүү, добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө учурундагы мыйзам бузуулар болду.

БШК шайлоонун акыркы натыйжаларын түздөн-түз аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, анда камтылган маалыматтарды добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен (мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо - добуш берүү күнүнөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен - 2021-жылдын 24-январына чейин) кошуу менен аныктайт.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg сайтына БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин БШК шайлоонун акыркы жыйынтыгын 21-январга чейин жарыялоого үмүттөнүп жаткандыгы жөнүндө айтканы айтылган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх