Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурунку мыйзамдагы ууру Карышкырды ИИМдин кызматкерлери кармады

Учурда ЖАМКнын тергөө кызматына криминалдык авторитет Умырзаков жеткирилди

Криминалдык полиция кызматынын кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Мурсалым Умырзаковду кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ички иштер министрлигинин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери биргеликте ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө кызматынын өзүнчө көрсөтмөсү боюнча, Ички иштер министрлигинде ыкчам каттоодо турган Умырзаков аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармоо операциясы жүргүзүлдү.

Учурда кармалган Умырзаков андан аркы иликтөө жана ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө кызматына жеткирилди.

Белгилей кетсек, кримавторитет Мурсалым Умырзаков мурунку Карышкыр деген лакап аты бар мыйзам уурусу. Ал колониядан мыйзамсыз бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин тарапкерлерине кайрылганы белгилүү болду.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх