Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров: Биз жумушсуз кыргызстандыктарды эшелон менен Москвага жөнөтүүгө аракет кылышыбыз керек

Парламентарий үмүтсүздүктөн ачка калган жарандар уурулукка өтүп кеткендигин белгиледи

Биз жумушсуз кыргызстандыктарды Москвага поезддер менен жөнөтүүгө аракет кылышыбыз керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди.

"Пандемия учурунда биз башка өлкөлөрдөгү жарандарыбызды кайтарып келдик", - деп эскерди эл өкүлү. - Бүгүнкү күндө жалпысынан 500 миңге жакын адам жумушсуз калууда. Москва шаарынын мэри Собянин көптөгөн жумуш орундар бош дейт. А биз аба каттамын калыбына келтире албайбыз. Жарандарыбызды ал жакка поезддер менен жөнөтүүгө аракет кылышыбыз керек. Билеттер өкмөт тарабынан дотацияда турсун. Рубль карызга алалы, алардын жол акысын төлөп берели. Жигиттер аны бир-эки жылдын ичинде төлөп беришет. Бүгүнкү күндө өлкөдө уурулуктун саны көбөйдү. Эгерде адамдарда жумуш жок болсо, алар ачка болсо, анда кайда барышат, кантип уурдабаш керек? Өкмөт бул көйгөйдү бир айдын ичинде чечиши керек. Согуш мезгилинде биз эшелондор аркылуу Россияга жардам бердик, канча адамды өзүбүзгө алып келдик. Эми аны кайра алып келүү убактысы келди.

Медина Купсулдаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх