Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Ош электрдин" мурдагы башкы директору Дыйканбай Даминов камакка алынды

ЭККМКтин маалыматы боюнча чиновник компаниялардын биринен пара катары жеке банктык эсебине миллион сом которууну талап кылган

"Б" ЖАКтын директору Финансылык полицияга арыз менен кайрылып, өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекеттин жана бизнес өкүлдөрүнүн кызыкчылыгына каршы келген, аткарган иши үчүн пара иретинде акча өндүрүп алган Ош Электрдин жетекчилигине чара көрүүнү суранган. 

Бул факт КЖБРде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча катталган.
"Б" ЖАКтын өкүлдөрү экени аныкталды. Утуп алган тендерде буга чейин аткарган иштери үчүн 6 миллион сомго жакын карызды төлөп берүү талабы менен «Ош Электр» ААКга кайрылган, андан кийин «Ош Электр» ААКтын директору 1 миллион сомду жеке банк эсебине пара түрүндө которууну талап кылган.

Үстүбүздөгү жылдын 20-январында «Ош Электро» ААКнын мурдагы башкы директору Даминов Дыйканбай Исабаевич өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кармалып, кийин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ЭККМКтин басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх