Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда болот

  • жолу 0 кароо

Жаңы шайланган президенттин инаугурация салтанатын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетине кимдер кирди?

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов «Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 28-январында өтө турган жаңы шайланган Президенттин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү.

Төмөндө Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы:

— Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы;

— Шайлдабекова Нуржан Кармабековна — Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

— Новиков Артем Эдуардович — Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси — министр;

— Сабырбеков Алмазбек Амангелдиевич — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчиси;

— Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы;

— Казакбаев Руслан Айтбаевич — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

— Ниязбеков Улан Омоканович — Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

— Ажикеев Бообек Эргешович — Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

— Мукашев Кыялбек Белекович — Кыргыз Республикасынын финансы министри;

— Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович — Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

— Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;

— Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

— Түлөбаев Балбак Зарлыкович — Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу;

— Алиев Бактияр Жеңишбекович — Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;

— Жумаев Алтынбек Мусаевич — «7 канал» ТРК жетекчиси.

КР Президенттик аппаратынын маалымат кызматы

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх