Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте муз алдынан балык кармоо боюнча мелдеш өтөт

Иш-чара сергек жашоо образын жайылтуу жана балык уулоо спортун өнүктүрүү максатында өткөрүлүп жатат

Балык спортун жайылтуу максатында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Балык чарба департаменти жана Чүй-Бишкек мергенчилер жана балыкчылар коомдук бирикмеси 23-январда муздан балык кармоо боюнча мелдеш өткөрөт.

Иш-чара Төмөнкү-Ала-Арча III суу сактагычында өтөт. Мелдешке балык уулоону сүйүүчүлөрдүн 10дон ашык командасы катышат.

«Быйыл министрлик мелдештин биргелешип уюштуруучусу болуп саналат, мындай иш-чаралар сергек жашоону жайылтуу жана Кыргызстанда балык уулоо спортун өнүктүрүү максатында өткөрүлүп жатат. Биздин республикада спорттун бул түрүн жигердүү өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөн жана учурда Балык чарба департаменти балык кармоо билеттерин жана дарыя османын жана форелин кармоо үчүн карточкаларды чыгарат », - деди Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов.

Мелдеш саат 9-00дө, командаларды түзүү саат 9-30да башталат.

Сынакка катышуу үчүн арыздар Чүй-Бишкек мергенчилер жана балыкчылар коомдук бирикмесинин кеңсесине тапшырылат. Команда капитанды кошкондо 4 адамдан турушу керек.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх